Загрузка документа…
БЕЛ-АЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 20-июлу №22
Айыл чарба жер жана агрардык муниципалдык менчик маселелери жана,жер адисинин аткарып жаткан иштери жөнүндө
Айыл өкмөтүнүн жер адиси Ч.Сманбековдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Бел-Алды айылдык кенешинин VI чакырылышынын кезектеги VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл окмөтүнүн жер адиси Ч.Сманбековдун билдирүүсү эске алынсын.
2. Жердин асылдуулугун көтөрүүгө, эрежелерин сактоого, жерди ижарага алуучуларга түшундүрүү иштерин жүргүзүү, фон ддогу жерлерди пайдалануудан түшкөн ижара акыларын өз убагында топтоо, айыл аймагындагы жер боюнча чечилбеген бардык маселелерди мыйзам чегинде тактап чечип беруу айыл өкмөтүнүн жер адиси Ч.Сманбековго милдеттендирилсин.
3. Айылдык кенештин депутаттары айткан сунуш пикирлери эске алынсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенешке жана анын депутаттарына тапшырылсын.
5. Бул токтом www.gamsumo.gov.kg сайтына жайгаштырылсын.
6. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Тѳрага: | Ж. Боронбаев |