Загрузка документа…
БЕЛ-АЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 05-сентябры №24
Кун тартибиндеги маселе боюнча айыл өкмөтүндөгү №9 ҮДТнын жетекчиси Э.Орозбековдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Бел-Алды айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бел-Алды айыл өкмөтүнө караштуу №9 ҮДТнын жетекчиси Э.Орозбековдун билдирүүсү эске алынсын.
2. Айыл аймагында жашаган калкты медициналык жактан тейлөө, саламаттыгын сактоо, ар кандай ооруларды алдын алууда жасалып жаткан аракеттер белгиленсин.
3. Айылдын санитардык абалына көзөмөлдүктү күчөтүү жагы №9 ҮДТ нын жетекчиси Э.Орозбековго милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Жайыловго тапшырылсын
5. Бул токтом www.gamsumo.gov.kg сайтына жайгаштырылсын.
6. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Тѳрага: | Ж. Боронбаев |