Загрузка документа…
БЕЛ-АЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 05-сентябры №29
Мектеп директорлору Н.Бапышованын, А.Таштакеева,Н.Бекелееванын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Бел-Алды айылдык кенешинин VI чакырылышынын кезектеги VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мектеп директорлору Н.Бапышованын, А.Таштакееванын, Н.Бекелееванын билдирүүлөрү эске алынсын.
2. Окуу-тарбия иштерин жакшыртуу, Мектеп жашындагы балдардын мектепке тартылбай калуусуна жол бербөө, мектептерде жетишпеген кадрлар маселесин чечүү , мектептердин материалдык-техникалык базасын чыңдоо жагын колго алуу,класстарды жылуулоо мектеп директорлоруна милдеттендирилсин.
3. Кышка даярдыктарды текшеруу учурунда кетирилген кемчиликтерди жоюу мектептердин директорлоруна жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Жайыловго тапшырылсын.
5. Бул токтом www.gamsumo.gov.kg сайтына жайгаштырылсын.
6. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Тѳрага: | Ж. Боронбаев |