Загрузка документа…
С. ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 19-сентябры № 25-20
Араван айылынын С. Юлдашев көчөсүнүн тургуну Юлдашев Хабибулло Сатвалдиевичке “Абу Бакр” атындагы дүйнөлүк жана диний билим берүүчү мекеме уюштурууга макулдук сурап жазган кайрылуусу жөнүндө
Араван айылынын С. Юлдашев көчөсүнүн тургуну Юлдашев Хабибулло Сатвалдиевичке жеке менчик “Абу Бакр” атындагы дүйнөлүк жана диний билим берүүчү мекеме уюштурууга макулдук сурап жазган кайрылуусун карап чыгып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын 31.12.2008-жылдагы “Кыргыз Республикасында дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө” Мыйзамынын 10, 13-беренелерин жетекчиликке алып С. Юсупова айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Араван айылынын С. Юлдашев көчөсүнүн тургуну Юлдашев Хабибулло Сатвалдиевичке жеке менчик “Абу Бакр” атындагы дүйнөлүк жана диний билим берүүчү мекеме уюштурууга макулдук берилсин.
2. Юлдашев Хабибулло Сатвалдиевичке жеке менчик “Абу Бакр” атындагы дүйнөлүк жана диний билим берүүчү мекемени мамлекеттик юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүү жагы милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин социалдык-маданий, укук-тартип жана депутаттык этика маселелери боюнча туруктуу көмиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Б. Маннанов |