Загрузка документа…
БЕЛ-АЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 10-октябры №27
Бел-Алды айылдык кенешинин VI чакырылышынын кезектеги XVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Коргон айылынын Тыт участкасынын жашоочуларынын кайрылуусунун негизинде, мурда ысымы жок көчөгө маркум Турганбекова Атластын ысымы берилсин.
2. Коргон айылынын Тыт участкасындагы Турганбекова Атластын ысымы берилген көчөнүн жашоочулары чогулуп, көчө башчысын көрсөтүп,көчөнү жашылдандыруу ,көрктөндүрүү иштерин жүргузуп , иш алып баруу жагы белгиленсин.
3. Коргон айылынын Тыт участкасындагы Турганбекова Атластын ысымы берилген көчөдөгү турак жайларга үй номерлери катарын жаздырып илдирүү, көчөгө ысымын берген маркумдун балдарына тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Коргон айылынын айыл башчысына жана көчө башчысына тапшырылсын.
5. Бул токтом www.gamsumo.gov.kg сайтына жайгаштырылган кундөн баштап күчүнө кирет.
6. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Тѳрага: | Ж. Боронбаев |