Загрузка документа…
САРЫ-МОГОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 04-июну №4/6
Сары-Могол өкмөтүнүн башчысы Р.Саитовдун жана жайыт комитетинин төрагасы Ж.Кошоновдун баяндамасын угуп талкуулап төмөнкүчө
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сары-Могол айыл өкмөтүнүн административдик аймагында жайгашкан малдарды жуунтуучу эски купка өз убагында айыл өкмөтүнүн балансына алынбай калгандыгына байланыштуу, 20,0 миң сомдук балансалык наркы менен Сары-Могол айыл өкмөтүнүн балансына алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарынын 72-73-статьялардын негизинде эски купкага тиешелүү 30,0 сотых жер аянты Сары-Могол айыл өкмөтү тарабынан бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Сары-Могол айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Саитовго милдеттендирилсин.
Тѳрага | Ы.Камилов |
|