Загрузка документа…
САРЫ-МОГОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 04-июну №4/3
Сары-Могол өкмөтүнүн жер аянтынан ветеринардык дарылоо пункту үчүн салына турган имаратка жер бөлүп берүү боюнча Сары-Могол айыл өкмөтүнүн башчысынын баяндамасын угуп Сары-Могол айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сары-Могол айылынын түштүк жагындагы айылдын этегинен эски кашаранын алдындагы бош жер аянтынан 500 м.кв. жер аянты ветеринардык дарылоо пунктун салуу үчүн бөлүнүп берилсин.
2. Бул имаратты куруу үчүн зарыл болгон иш-кагаздарын даярдап берүү Алай шаар куруу жана архитектура башкармалыгынан суралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Сары-Могол айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Саитовго милдеттендирилсин.
Тѳрага | Ы.Камилов |
|