Загрузка документа…
САРЫ-МОГОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 28-майы №3
Сары-Могол айыл өкмөтүнүн административдик аймагында жайгашкан № 9 контурундагы 7,5 га чабык жер аянтын которуу жөнүндө Сары-Могол айыл өкмөтүнүн башчысынын баяндамасын угуп Сары-Могол айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сары-Могол айыл өкмөтүнүн административдик аймагында жайгашкан №9 контурундагы 7,5 га чабык жер аянтын турак-жай салуу үчүн жер аянтына которуу Алай райондук мамлекеттик администрацияынын алдындагы комиссияга сунушталсын.
2. Бул жер аянты үчүн зарыл болгон иш-кагаздарын даярдап берүү тиешелүү мекеме-ишканалардан суралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Сары-Могол айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Саитовго милдеттендирилсин.
Тѳрага | Ы.Камилов |
|