Загрузка документа…
САРЫ-МОГОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 15-майы №2
Сары-Могол айыл өкмөтүнүн жер аянтынан Памирлик кыргыздарды убактылуу жайгаштыруу үчүн салына турган имараты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик миграция кызматына жер бөлүп берүү боюнча Сары-Могол айыл өкмөтүнүн баяндамасын угуп Сары-Могол айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сары-Могол айылынын ген. планында мончо салуу үчүн көрсөтүлгөн жер аянтынан Памирлик кыргыздарды убактылуу жайгаштыруу үчүн салына турган имаратын куруу үчүн 20 (жыйырма) сотых жер аянты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик миграция кызматына убактылуу пайдаланууга бөлүнүп берилсин.
2. Бул имаратты куруу үчүн зарыл болгон иш-кагаздарын даярдап берүү Алай шаар куруу жана архитектура башкармалыгынан суралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Сары-Могол айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Саитовго милдеттендирилсин.
Тѳрага | Ы.Камилов |
|