Загрузка документа…
ОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 03-августу №2
Оро айылдык Кенешинин Х - чакырылышынын кезектеги ХVIII сессиясы Оро айылдык аймагынын финансы экономика бөлүмүнүн башчысынын сунушу боюнча Оро айылдык аймагынын бюджетин эсебине 2018- жылдын биринчи жарым жылдыгы учун «ГЛОБАЛ ШИРАЛЬДЖИН МАЙНИНГ» компаниясынан айыл чарбасына кирбеген жер салыгы үчүн 360000 сом жана калктуу конуштарды арендалоо үчүн тушкон 2081566сом 08 тыйын акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндөгү маселени карап чыгып, талкуулап Оро айылдык Кенеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2018 – жылдын биринчи жарым жылдыгы учун тушкон акча каражаты 2441566 сом 08 тыйын өлчөмүндө белгиленсин жана анын ичинен :
Мамлекеттик тейлоо кызмат бөлүмүнө;
2215 статьясына – 24566 сом
2824 статьясына - 21000 сом
Турак- жай бөлүмүнө;
2215 статьясына – 825000 сом
3111 статьясына – 1491000 сом
3112 стаьясына - 40000 сом
Маданият бөлүмүнө;
2215 статьясына - 10000 сом
Билим берүү бөлүмүнө;
2221 статьясына – 30000 сом акча каражаты болунуп берилсин.
Бүгүнкү күндө айлык акыга жана соцфондко карызыбыз жок.
2. Оро айылдык аймагынын финансы экономика бөлүмүнүн башчысына жогорудагы көрсөтүлгөн акча каражатын токтомдун негизинде бөлүп берүү жагы милдеттендирилсин.
3. Оро айылдык аймагынын башчысы Э.Сурапов, бөлүнгөн акча каражатын өз багытында натыйжалуу пайдалануу жагын көзөмөлдүккө алсын.
Тѳрага | Н.Шадыбеков |
|
|