Загрузка документа…
ОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 03-августу №06
Оро айылдык кеңешинин 10-чакырылышынын кезектеги 18-сессиясы Оро айыл өкмөтүнүн 1-май айылынын айыл башчысы К.Бегалиеванын сунушун карап чыгып талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Оро айыл өкмөтүнүн 1-май айылындагы эски ФАПтын имараты бузулуп жаткандыгына байланыштуу, андан чыккан курулуш материалдарынын жарактуусу айыл өкмөтүнө кириштелсин.
2. Кириштелген материал соц.комиссия менен муктаж болгон үй-бүлөлөргө арзан баада акчасы кассага төгүлгөндөн кийин берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Сураповго жүктөлсүн.
Тѳрага | Н.Шадыбеков |
|
|