Загрузка документа…
ОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 03-августу №07
Оро айылдык кеңешинин 10-чакырылышынын кезектеги 18-сессиясы Оро айыл өкмөтүнүн жер адиси Т.Джаманкуловдун сунушун карап чыгып, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Оро айылдык аймагынын Джон-Коргон айылынын Чойбек уулу Бектур көчөсүнүн жашоочуларын электр энергиясы менен камсыздоону жакшыртуу максатында айылдын тургундарынын 27.07.2018-ж. жалпы жыйынынын протоколу эске алынсын.(тиркелет)
2. Талас өнүктүрүү фондусуна Джон-Коргон айылынын Чойбек уулу бектур көчөсүнө темир бетон электр мамыларын сатып алып орнотуу жана электр зымдарын тартуу боюнча долбоорду колдоп берүү жагы сунушталсын.
3. Бул долбоорду ишке ашыруу максатында “Талас облусунун өнүктүрүү” фондусунан 720 000 (жети жүз жыйырма) миң сом акча каражаты суралсын.
4. Бул долбоордун тиешелүү документерин даярдап ишке ашыруу жагы Оро айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Сураповго жүктөлсүн.
Тѳрага | Н.Шадыбеков |
|
|