Загрузка документа…
ОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 28-сентябры №1
Оро айылдык Кенешинин Х - чакырылышынын кезектеги ХIХ сессиясы Оро айылдык аймагынын финансы экономика бөлүмүнүн башчысынын сунушу боюнча Оро айылдык аймагынын бюджетин эсебине 2018- жылдын үчүнчү кварталы үчүн салык агенттиги тарабынан түшүүчү киреше салыгынан 1413075 сом жана айыл чарба багытындагы эмес жер салыгынан 479500 сом каражатын бөлүштүрүү жөнүндөгү маселени карап чыгып, талкуулап Оро айылдык Кенеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2018 – жылдын үчүнчү жарым жылдыгы учун тушкон акча каражаты 1892575 сом өлчөмүндө белгиленсин жана анын ичинен :
Мамлекеттик тейлоо кызмат бөлүмүнө;
2215 статьясына – 100000 сом
Турак- жай бөлүмүнө;
2215 статьясына – 379500 сом
3111 статьясына – 1000000 сом
3112 статьясына – 213075 сом
Билим берүү бөлүмүнө ;
3112 статьясына – 200000 сом акча каражаты болунуп берилсин.
Бүгүнкү күндө айлык акыга жана соцфондко карызыбыз жок.
2. Оро айылдык аймагынын финансы экономика бөлүмүнүн башчысына жогорудагы көрсөтүлгөн акча каражатын токтомдун негизинде бөлүп берүү жагы милдеттендирилсин.
3. Оро айылдык аймагынын башчысы Э.Сурапов, бөлүнгөн акча каражатын өз багытында натыйжалуу пайдалануу жагын көзөмөлдүккө алсын.
Тѳрага | Н.Шадыбеков |
|
|