Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 24-декабры №169/28-7
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 3-пункту, Депутаттардын Талас шаардык кенешинин Регламентинин 18-пункту, Депутаттардын Талас шаардык кенешинин 2018-жылга карата иш планынын негизинде, Талас шаардык кенешинин “Социалдык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясынын маалыматын карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаардык үй-бүлөлүк медицина борборунун (А.Шадиев) 2017-2018-жылга карата аткарган жалпы ишмердүүлүгү “канааттандырарлык” деп табылсын.
2. Талас шаардык үй-бүлөлүк медицина борборунун жылуулук системасын оңдоп түзөө боюнча үлүштүк дем берүүчү гранттардын эсебинен каржылоо жагы сунушталсын.
3. Шаардык үй-бүлөлүк медицина борборунда (А.Шадиев) таза суу системасынын эскирген түтүктөрүн кайрадан жаныртуу жана мекемени таза суу менен талаптагыдай камсыз кылуу максатында акча каражаттарды тартуу үчүн тиешелүү ведомстволорго, фонддорго жана инвесторлорго кайрылуу зарылдыгы белгиленсин.
4. Кабыл алынган токтомду шаардык “Жаны Багыт” газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлдөө жагы Депутаттардын Талас шаардык кенешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кенешинин “Социалдык маселелер боюнча”туруктуу комиссиясынын төрайымына (А.Рыскулбекова) тапшырылсын.
Тѳрага | М.Есенкулов |
|
|