Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 24-декабры №170/28-7
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 3-пункту, Депутаттардын Талас шаардык кенешинин Регламентинин 18-пункту,Талас шаардык кенешинин 2018-жылга карата иш планынын негизинде, Талас шаардык кенешинин “Социалдык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясынын текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча маалыматын карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас мамлекеттик ооруларды алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун Талас шаарынын калкын санитардык эпидемиологиялык жактан көзөмөлдөө боюнча жалпы ишмердүүлүгү “канааттандырарлык” деп табылсын.
2. Талас мамлекеттик ооруларды алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору Талас райондук ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук башкармалыгы менен биргеликте комиссия түзүлүп жугуштуу ооруларды алдын алуу иш аракеттери көрүлсүн жана бул багытта иштерди көзөмөлгө алуу жагы Талас шаардык мэриясына (мэр А.Джузупбеков) милдеттендирилсин.
3. Кабыл алынган токтомду шаардык Жаны Багыт газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлдөө жагы Талас шаардык кенешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Талас шаардык кенешинин “Социалдык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясынын төрайымына (А.Рыскулбекова) тапшырылсын.
Тѳрага | М.Есенкулов |
|
|