Редакцияот 24.12.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТАЛАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Талас шаардык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги ХХVIII сессиясы

 

2018-жылдын 24-декабры №171/28-7

Талас шаардык маданият, маалымат жана туризм бөлүмүнүн ишмердүүлүгү жана материалдык-техникалык базасын чындоо багытында иш аракеттери жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын  “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 6-пункту, Депутаттардын Талас шаардык кенешинин Регламентинин 18-пункту, Талас шаардык кенешинин 2018-жылга карата иш планынын негизинде, Депутаттардын Талас шаардык кенешинин “Социалдык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясынын №4 Протоколдук чечимин карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Талас шаардык маданият, маалымат жана туризм бөлүмүнүн (Б.Абдыкадыров) ишмердүүлүгү жана материалдык техникалык базасын чындоо багытындагы аткарылган иш аракеттери “канааттандырарлык”  деп табылсын.

2. Кабыл алынган токтомду  шаардык “Жаны Багыт” газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын  укуктук  ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон  өткөрүүнү  көзөмөлдөө жагы Депутаттардын Талас шаардык кенешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кенешинин “Социалдык маселелер боюнча”  туруктуу комиссиясынын төрайымына (А.Рыскулбекова) тапшырылсын.

 

Тѳрага

М.Есенкулов