Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 24-декабры №172/28-7
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 5-6-пункттары, Талас шаардык кеңешинин Регламенти 2-бап,18-пункту, Талас шаардык кеңешинин 2018-жылга карата иш пландын негизинде жана ДепутаттардынТалас шаардык кеңешинин “Өнөр жай коммуналдык чарба, транспорт, курулуш, ишкерликти өнүктүрүү электр жана байланыш иштери боюнча” туруктуу комиссиясынын №5 протоколдук сунушун карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаардык “Таза-суу” муниципалдык ишканасынын (Э.Камчыбеков)2018-жылга карата жалпы ишмердүүлүгү жана Талас шаарынын Таза-суу жана саркынды суу түйүндөрүн оңдоо багытында аткарылган иштери “канааттандырарлык” деп табылсын.
2. Кабыл алынган токтомду Таалас шаардык “Жаңы Багыт” газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлгө алуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин “Өнөр жай коммуналдык чарба, транспорт, курулуш, ишкерликти өнүктүрүү электр жана байланыш иштери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына (Ж.Иманалиев) тапшырылсын.
Тѳрага | М.Есенкулов |
|
|