Редакцияот 24.12.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТАЛАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Талас шаардык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги ХХVIII сессиясы

 

2018-жылдын 24-декабры №173/28-7

Талас шаарында жүргүнчүлөрдү тейлөө, шаар жана айыл аралык каттамдардын иштөө тартибин көзөмөлдөө жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 5-6-пункттары, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин Регламенти 2-бап,18-пункту, Талас шаардык кеңешинин 2018-жылга карата иш пландын негизинде, Талас шаардык кеңешинин “Өнөр жай коммуналдык чарба, транспорт, курулуш, ишкерликти өнүктүрүү электр жана байланыш иштери боюнча туруктуу комиссиясынын №4 протоколдук чечими менен Муниципалдык менчиктин обьектилерин туура пайдалануу, Талас шаарында жүргүнчүлөрдү тейлөөнү жакшыртуу, каттам аралык убакыттын сакталышы жана окуу мезгилдери учурунда башталгыч класстын окуучуларын жарым баада (5сомдон) ташуу боюнча карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. “Биримдик” Ачык акционердик коомунун (К.Табышов) Талас шаарында жүргүнчүлөрдү тейлөө, шаар жана айыл аралык каттамдардын иштөө тартибин көзөмөлдөө багытындагы иш аракеттери “канааттандырарлык” деп табылсын.

2. “Биримдик” Ачык акционердик коомуна (К.Табышов) Талас шаарында жүргүнчүлөрдү тейлөөнү жакшыртуу, айыл аралык каттамдарды өз убагында келип кетүүсүн тартипке келтирүү жана башталгыч класстын (1-4 кл.) окуучуларын окуу мезгилдер аралагында жарым баада (5 сомдон) ташуу жагы милдеттендирилсин.

3. Талас шаарында жүргүнчүлөрдү ташуучу кичи автобустардын каттоосуна зарыл шарттарды түзүү, кышкы мезгилде жолдорго туз, кум чачуу жана жеке менчик таксилердин ишин тартиптештирүү үчүн мыйзам талаптарына ылайык, автоунаа токтоочу жайларды уюштуруу багытында чечкиндүү иш аракеттерди көрүү жагы Талас шаардык мэриясына (биринчи вице-мэр Д.Курманалиев) милдеттендирилсин.

4. Кабыл алынган токтомду Талас шаардык “Жаңы Багыт” газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлгө алуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысы ( А.Сариева) милдеттендирилсин.

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин “Өнөр жай коммуналдык чарба, транспорт, курулуш, ишкерликти өнүктүрүү электр жана байланыш иштери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына ( Ж.Иманалиев) тапшырылсын.

 

Тѳрага

М.Есенкулов