Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 20-сентябры №14/7
Леннин айыл өкмөтүнүн аймагындагы мектептер ,бала бакчалар, ФАП, китепканалар, маданий үйлөрүнүн кышка карата даярдыгы боюнча айыл өкмөтүнүн инвестиция жана экономикалык анализ боюнча жетектөөчү адис Т.Абиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ленин айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ленин айыл өкмөтүнө караштуу мекеме-ишканалардын кыш-күз мезгилине карата даярдыктары канааттандырарлык экендиги жана отунканаларды иретке келтирип бөлүнгөн электр энергиясынын лиммитинен сактап ,кетирилген кемчилдиктерди жоюп иш алып баруу мекеме-ишкана жетекчилерине милдеттендирилсин.
2. Айыл өкмөтүнүн тургундарына түшүндүрүү иштери жүргүзүп кышка карата отун көмүр менен камсызкылууиш алып баруу айыл башчылар А.Матеиповко, А.Айтманбетовго,Н.Бубаевге,З.Курбановго тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчы Н.Матановко тапшырылсын.
Тѳрага | Б.Арынбаев |
|
|