Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 27-ноябры №15/2
“КР бюджеттик кодексинин” 115-беренесине таянып, Ленин айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын бекитилген сметасындагы иштетилбей калган айрым беренелердеги акча каражатын башка беренелерге жылдырып, отчеттук жылдын бюджетинин IV кварталында иштетүү боюнча айылдык кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Б. Токтобаеванын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ленин айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгү төмөндөгүдөй өзгөртүлсүн:
Раздел | Мекемелер | Сатья | Көбөйтүлсүн (миң сом) | Азайтылсын (миң сом) |
70911 | Бала бакча | 31112290 |
| -1119.0 |
70911 | Бала Бакча | 22211100 | 22.0 |
|
70629 | ЖКХ | 31121290 | 842.0 |
|
70921 | Орто мектеп | 31122390 | 210.0 |
|
70921 | Орто мектеп | 2211 | 15.0 |
|
70921 | Орто мектеп | 22154900 | 15.0 |
|
70823 | Клуб | 2211 | 15.0 |
|
Жыйынтыгы: | 1119.0 | -1119.0 | ||
2. Акча каражатын каржылоо теңдештирүүчү грант аркылуу жүргүзүлсүн:
3. 2018-жылдын сметасына өзгөртүүгө уруксат берүү жагы Кыргыз Республикасынын Финансы Министирлигинин Алай башкармалыгынан суралсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы а/кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысы Н. Матановго милдеттендирилсин.
Тѳрага | Б.Арынбаев |
|
|