Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 27-ноябры №15/4
Ленин айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ленин айыл өкмөтү жана АРИС менен алкактык келишимдин негизинде сатылып алынган Россия Федерациясынан чыгарылган “Трактор ВТГ-90” айланма калактуу каз тамандуу 4 (төрт) корпус сокосу менен техникасын сатып алуу үчүн, “АВТОМАШ-РАДИАТОР” жоопкерчилиги чектелген коомуна 3 367 400 (үч миллион үч жүз алтымыш жети миң төрт жүз) сомдук техниканы мамлекеттик сатып алуулардын мыйзамында көрсөтүлгөндөй, тендердик каражатынын 25%нын 841 850 (сегиз жүз кырк бир миң сегиз жүз элүү) сом акча каражатын “АВТОМАШ-РАДИАТОР” жоопкерчилиги чектелген коомуна жергиликтүү бюджеттин эсебинен которулуп берилсин.
2. Үч тараптуу алкактык келишимдин негизинде жогоруда көрсөтүлгөн акча каражатын “АВТОМАШ-РАДИАТОР” жоопкерчилиги чектелген коомуна которуп берүү жагы Ленин айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Б. Мамановго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ленин айыл өкмөтүнүн башчысы Н. Матановго тапшырылсын.
Тѳрага | Б.Арынбаев |
|
|