Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 27-ноябры №15/5
Согонду айылынын тургуну Каленов Болотбек Садирбековичтин турак жай куруу үчүн жазган арызы жөнүндө
Согонду айылынын тургуну Каленов Болотбек Садирбековичтин турак жай куруу үчүн жазган арызы карап чыгып, Ленин айылдык кенешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Согонду айылынын тургуну Каленов Болотбек Садирбековичке Согонду айылынын тургуну Курманалиев Айбектин огородунун четинен Кара-Мойнокко жетпеген жерден 0,04 сотых жер турак жай куруу үчүн чектелип берилсин.
2. Токтомдун негизинде жер участкасын аныктап, тактап тиешелүү иш кагаздарын даярдап берүү Алай райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгынан суралсын.
3. Тийиштүү документтерди мамлекеттик каттоодон өткөрүү жагы Алай райондук жер кадастры жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынан суралсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын Ленин айыл өкмөтүнүн жерге жайгаштыруу жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адиси Н.Нурдиновко тапшырылсын.
Тѳрага | Б.Арынбаев |
|
|