Загрузка документа…
КӨК-АРТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 12-октябры №4
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесине ылайык, Көк-Арт айыл өкмөтүнүн 2018-жылга бекитилген бюджетинин киреше жана чыгашаларын азайтуу жөнүндө Каржы жана экономика бөлүмүнүн кайрылуусун угуп талкуулап Көк-Арт айылдык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Арт айыл өкмөтүнүн бюджеттинин киреше бөлүгүнө өзгөртүү киргизүү үчүн, айыл чарба багытындагы эмес жерлерден түшүүчү салыкты Сузак райондук салык башкармалыгынын берген 1-август 2018-жылдагы № 1163 катына ылайык Оскоев Бакыттан 2015-2017-жылдар үчүн эсептик маалымат баракчасы аркылуу тапшырган 144344 сом түшкөндүгүнө байланыштуу салык баасы көтөрүлгөн. Үстүбүздөгү жылда эсептөөлөрдүн жыйынтыгында жогорудагы акча каражаты 2018-жыл үчүн кутулбоосун эске алып 64000 сомго азайтылсын.
2. Көк-Арт айылдык кеңешинин 2017-жылдын 22-декабрындагы №1 токтому менен бекитилген жайыт пайдалануучулардан түшкөн 350000 сом ижара акыдан жер салыгы кармалбай бюджетке кирген. Жайыт пайдалануучулардан түшкөн жер салыгы 77000 сомго азайтылсын.
3. Жогорудагы салыктар жалпы 141000 сомго азайтылып, бюджеттин баланстуулугун сактоо максатында
- 70921 орто мектеп бөлүмүнүн 2215 статьясынан 88000 сом, 2224 статьясынан 1700 сом
- 70429 жайыт бөлүмүнүн 2215 статьясынан 51300 сом
Жалпы бөлүмдөр боюнча 141000 сомго азайтылсын.
4. Бекитилген киреше жана чыгыша пландарына тактоолорду жүргүзүү жагы Каржы министрлигинин Сузак башкармалыгынан суралсын.
5. Аталган токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин www.gamsumo.gov.kg веб сайтына жарыялансын.
6. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү жагы Көк-Арт айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Тѳрага | Н.Жолдошов |