Загрузка документа…
КӨК-АРТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 12-октябры №5
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесине ылайык, Көк-Арт айыл аймагынын Жерге-Тал, Жалгыз-Жаңгак айылдарындагы “Бал-Бала”, “Кызгалдак-1”, ”Абдыкалык Ата” мектепке чейинки билим берүү уюмдарына материалдык техникалык базасын чыңдоо үчүн материалдык жардам берүү жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап Көк-Арт айылдык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалгыз-Жаңгак айылындагы: “Бал-Бала” мектепке чейинки билим берүү уюмуна - 20000 (жыйырма миң) сом; Жерге-Тал айылындагы “Кызгалдак-1” мектепке чейинки билим берүү уюмуна - 20000 (жыйрма миң) сом; Абдыкалык Ата мектепке чейинки билим берүү уюмуна - 30000 (отуз миң).
Жалпысы: 70000сом (жетимиш миң) материалдык жардам берүү жагы Көк-Арт айыл өкмөтүнүн башкаруусуна сунушталсын.
2. Аталган токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин www.gamsumo.gov.kg веб сайтына жарыялансын.
3. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү жагы Көк-Арт айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Көк-Арт айылдык Кеңешинин Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдыкмаселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага | Н.Жолдошов |