КӨК-АРТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Арт айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги VI сессиясы
2018-жылдын 12-октябры №6
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесине ылайык, Үч-Малай айылындагы Ш.Кенжекулов мектептин жогору жагындагы көпүрөнү оңдоо маселесин талкулап Көк-Арт айылдык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Малай айылындагы көпүрөнүн курулушун реконструкциалоо үчүн жергиликтүү бюджеттен 84000 (сексен төрт миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Аталган токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин www.gamsumo.gov.kg веб сайтына жарыялансын.
3. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү жагы Көк-Арт айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Арт айылдык кеңешинин социалдык маселелер боюнчат туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Тѳрага | Н.Жолдошов |