Загрузка документа…
КӨК-АРТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 12-октябры №7
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесине ылайык, күн тартибиндеги ар кандай маселелерди угуп жана талкуулап Көк-Арт айылдык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. ”Сафаровка таза суу” коомдук бирикмесине Көк-Арт өкмөтү суу проектиси ишке кирип, таза суу чыккандан баштап, мүчө болуп кирүүгө уруксат берилсин.
2. Мазар-Булак айылына Фельдшердик Акушердик Пункт жана “Ж.Шабданов” атындагы орто мектепке спортзал куруу үчүн уруксат берилсин.
3. Жерге-Тал айылынын “Умаров” атындагы көчөдөгү жеке менчик үйгө бала-бакча ачууга уруксат берилсин.
4. Жалгыз-Жаңгак айылындагы гимназия мектебинин жерине мектеп, бала-бакча, Фельдшердик Акушердик Пункт, дүкөн курууга уруксат берилсин.
5. Үч-Малай айылындагы эски мектептин жерине жаңы мектептин имаратын кошумча класс курууга уруксат берилсин.
6. Айылдарды өнүктүрүүнүн келечек планына өзгөртүүлөр киргизилип, Жерге-Тал айылындагы “К. Матиев”, “Т. Азимбев”, “О. Шайымкулов” атындагы көчөлөргө жана Жалгыз-Жаңгак айылындагы “Азимбай-Болуш” атындагы көчөгө асфальт төшөөгө уруксат берилсин.
7. 2019-жылдын бюжетинен демөөрчү грантка Жерге-Тал айылынынын “К. Матив”, “Т. Азимбев”, “О. Шайымкулов” көчөлөрү 1050 (бир миң элүү) метр, Жалгыз-Жаңгак айылындагы “Азимбай-Болуш” көчөсү 850 (сегиз жүз элүү)метрге 10% бөлүнүп берилсин.
8. Аталган токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин www.gamsumo.gov.kg веб сайтына жарыялансын.
9. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү жагы Көк-Арт айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
10. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Арт айылдык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Тѳрага | Н.Жолдошов |