Загрузка документа…
КӨК-АРТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 14-марты №1
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесине ылайык, Көк-Арт айылдык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ичүүчү сууну керектөөчүлөрдүн “Көк-Арт таза суу” айылдык коомдук бирикмесинин жетекчиси А.Тогузаковтун отчөту эскертүү менен кабыл алынсын.
2. Мурунку 10.11.2017-жылы №21 сессиянын №22 токтомун Ичүүчү сууну керектөөчүлөрдүн “Көк-Арт таза суу” айылдык коомдук бирикмесинин жетекчиси А.Тогузаков аткарууга алсын.
3. Аталган токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актлары жөнүндө” мыйзамына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин www.gamsumo.gov.kg веб сайтына жарыялансын.
4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү жагы Көк-Арт айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кк-Арт айылдык кеңешинин укук жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы А.Энназаровко милдеттендирилсин.
Тѳрага | А.Сатаров |