Редакцияот 14.03.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨК-АРТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Көк-Арт айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги ХХIII сессиясы

 

2018-жылдын 14-марты №2

Көк-Арт айыл өкмөтүнүн Финансы жана экономика бөлүмүнүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесине ылайык Көк-Арт айыл өкмөтүнүн Финансы жана экономика бөлүмүнүн бюджетинин аткарылышы боюнча маалыматын угуп, Көк-Арт айылдык кеңеши,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.  2017-жылдын бюджет боюнча калдык тиркемеге ылайык, 2018-жылга алымча кошумчасы менен такталып кийинки сессияга киргизилсин.

2.  Бюджеттин аткарылышы Финансы жана экономика бөлүмүнүн башчысы К.Арстанбековко жүктөлсүн.

3.  Аталган токтомду Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин www.gamsumo.gov.kg веб сайтына жарыялансын.

4.  Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү жагы Көк-Арт айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

5.  Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы У.Ашырматовко милдеттендирилсин.

 

Тѳрага

А.Сатаров