Загрузка документа…
КӨК-АРТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 14-марты №3
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесине ылайык, № 2414, № 2415, № 2064, № 2063 Участкалык шайлоо комиссияларынын кайрылуусунун негизинде Көк-Арт айылдык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. № 2414, № 2415, № 2064, № 2063 Участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн арыздарынын негизинде курамы №1 тиркемеге негиз киргизилсин. (№1 тиркеме тирекелет)
2. №1 тиркемеге ылайык, тизмедеги аты аталган жарандарды шайлоо комиссиясынын курамына киргизүүнү бекитип берүү жагы Аймактык шайлоо комиссиясына сунушталсын.
3. Аталган токтомду Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актлары жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин www.gamsumo.gov.kg веб сайтына жарыялансын.
4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү жагы Көк-Арт айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Арт айылдык Кеңешинин укук жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы А.Энназаровко милдеттендирилсин.
Тѳрага | А.Сатаров |