Загрузка документа…
КӨК-АРТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 18-апрели №1
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесине ылайык, Көк-Арт айылдык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. А.Эшатова менен Г.Асановалардын өз ара макулдашуусу менен талаш болгон жер такталып тең экиге бөлүнүп 0,01га жери ашыгыраак А.Эшатованын кызыкчылыгына берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын эки тарап бузса Соттун чечими менен айыл өкмөттүн балансына жер аянтын алып коюу жагы каралсын.
3. Жер аянтын бөлүп берүү жагы Көк-Арт айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
4. Аталган токтомду Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актлары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин www.gamsumo.gov.kg веб сайтына жарыялансын.
5. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү жагы Көк-Арт айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Арт айылдык кеңешинин укук жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы А.Энназаровко милдеттендирилсин.
Тѳрага | А.Сатаров |