Загрузка документа…
КӨК-АРТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 18-апрели №2
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесине ылайык, “Кызмат көрсөтүүгө конкурс өткөрүүнүн тартиби” жөнүндө” жобону окуп жана талкуулап, Көк-Арт айылдык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Арт айыл өкмөтүнүн аймагында “Кызмат көрсөтүүгө конкурс өткөрүүнүн тартиби жөнүндө” жобо бекитилсин. (жобо тиркелет)
2. Көк-Арт айыл өкмөтүнүн аймагында “Кызмат көрсөтүүгө конкурс өткөрүүнүн тартиби жөнүндө” жобонун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Арт айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Кудайбердиевке жүктөлсүн.
3. Аталган токтомду Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин www.gamsumo.gov.kg веб сайтына жарыялансын.
4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү жагы Көк-Арт айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Тѳрага | А.Сатаров |
| Көк-Арт аиылдык аимагынын айылдык кеңешинин 2018-жылдын 18.04. № 2 токтому менен бекитилди
|
Кызмат көрсөтүүгө конкурс өткөрүүнүн тартиби жөнүндө
ЖОБО
I. Жалпы жоболор
1. Конкурс өткөрүү жөнүндө жобо «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыккан.
Ушул жобо айыл аймагынын территориясында конкурс өткөрүүнүн тартибин жана шарттарын белгилейт.
2. Конкурс кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирип берүүчүлөрдүн профессионалдык даярдыгынын, квалификациясынын, билиминин деңгээлин объективдүү жана ачык баалоо максатында откорүлөт.
II. Ушул жободо колдонулуучу түшүнүктөр
3. Ушул жободо колдонулуучу түшүнүктөр:
кепилдик салымы кызмап көрсөтүү максатында конкурска катышууга каалоосун билдирген талапкер тарабынан киргизилген акчалай сумма;
конкурс тандоо жана конкурстун жеңүүчүсүнө кызмат көрсөтүү укуктарын ыйгаруу:
ак ниет эмес атаандаштык - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жоболоруна. ишкердик жүгүртүмдүн салттарына, ак ниеттүүлүк, эстүүлүк жана адилеттүүлүктүн талаптарына карама-каршы келбеген артыкчылыктарын сатып алууга багытталган конкурстун субъекттеринин аракеттери, эгерде мындай аракеттер натыйжада төмөнкүгө ээ болсо:
• конкурстун катышуучуларынын ортосунда жашыруун сүйлөшүп алуу,
• коррупция.
• бааларды жасалма жогорулатуу, төмөндөтүү же кармоо,
• конкурска жетүүсүн чектөө же потенциалдуу атаандаштарды жок кылуу
жана башка ак ниет эмес аракеттер;
конкурстун катышуучусу - ушул Жобо менен белгиленген конкурска катышууга арыз берген жана уруксат алган жак.
III. Конкурс жана конкурсгтук комиссия
4. Кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирип берүүчүлөрүн тандоо конкурсттук негизде жүзөго ашырылат. Конкурс Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын
алардын мүмкүнчүяүкторүнө жана профессионалдык даярдыгына ылайык бирдей
жетүүсүн камсыз кылат.
5. Конкурст) откөрүунуи максаты кызмат көрсотүүгө коюлган квалификациялык галаптарга, анын ичинде бидимине, иш тажрыйбасына, профессионалдык жана жалпы билимдерине, ишкерднк сапаттарына, ошондой зле талапкерлердин мотивациясына ылайык кыйла Яайындалган талапкерлерди аныктоо болуп саналат.
6. Кызмат көрсетүүгө конкурс өткөрүү үчүн айыл өкмөтүнүн башчысынын буйруг) менен кызмат көрсөтүүгө талапкерлердин тандоосун жүзөгө ашырууга ыйгарым укукту) конкурсыук комиссия (мындан ары - Комиссия) түзүлөт.
7. Конкурстук комиссиянын түзүмү жана курамы:
- конкурсттук комиссиянын төрагасы;
- конкурсттук комиссиянын мүчөлөрү:
- конкурсттук комиссиянын катчысы.
8. Ишмердиктин адистештирилген түрлөрундө атайын профессионалдык билимдерин гекшерүү учүн конкурсттук комиссия серепчилерди чакырта алат. Серепчилердин корутундулары сунуштоо мүнөзүнө ээ жана протокол менен таризделет.
9. Конкурсту өткөрүүдө комиссия:
- конкурсту өткөрүүнүн мөөнөттөрүн жана иш регламентин аныктайт;
- -конкурстун катышуучуларына карата квалификациялык талаптарды белгилейт;
- маектешүүнүн баалоо критериин белгилейт;
- конкурстун катышуучулары тарабынан берилген документтерди карайт жана конкурска катышуу жөнүндө чечимди кабыл алат;
- конкурстун катышуучулары менен маектешүү өткөрөт;
- конкурстун жеңүүнүсүн аныктайт;
- конкурстун жыйынтыктарын бекитет;
10. Жооптуу катчы.
- кызмат көрсөтүүгө талаптанган жарандардан документтерди кабыл алууну жүзөгө ашырат:
- кызмат көрсөтүүгө талаптанган жарандарга конкурсту өткөрүүнүн шартгары Тууралуу маалымат берет:
- конкурсттук комиссиянын мүчөлорү үчүн иш кагаздарды иштетет жана даярдайт;
- конкурска катышкандардын тизмесин түзөт;
- маектешүүнүн суроолорунун тизмесин иштеп чыгат;
конкурстун катышуучуларына конкурстун бардык баскычтарын өткөрүүнүн жери, күнү, айы, жылы жана убактысы тууралуу маалымат берет.
IV. Ачык конкурсту өткөрүү
11.Ачык конкурс төмөнкү тартипте өткөрүлөт:
- Жалпы га малымдоо каражаттарында жана айыл аймактагы жалпы га жеткиликтүү жерлерге ачык конкурс өткөрүү жөнүндө жарнама берүү;
- конкурстун катышуучуларынан документтерди кабыл алуу;
- конкурсту түздөн түз өткөрүү.
12.Конкурсту откоруу төмөнкү этаптарды камтыйт:
- кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөргө карата коюлган талаптарга конкурстун катышуучуларынын документтеринин ылайык келүүсүн кароо;
- маектешүү;
- комиссия тарабынан кароо;
- конкурстун женүүчүсун аныктоо тууралуу чечимди кабыл алуу.
V. Кокурстун катышуучулары
13.Катышуучулар гөмөнкү учурларда конкурска катыша алышпайт:
- кызмат көрсөтүү, үчүн зарыл болгон белгиленген квалификациялык талаптарга ылайык келбесе:
- керектүү документтерди бербесе;
- кепилдик салымды төдөбөсө (эгерде каралса).
14. Кызмат корсөтүүлөрдү берүүчүгө ачык конкурсту өткөрүүнүн узактыгы документтерди кабыл алуу аяктаган күнден тартып 30 күндөн ашпоого тийиш.
VI. Маалыматтык пакетти түзүүнүн тартиби
15.Айыл окмотү төмонкү маалыматты камтыган маалыматтык пакетти түзөт:
а) конкурстун шарттарын;
г) кепилдик салымлын өлчөмүн, конкурстун катышуучулары тарабынан аны
төлөөнүн мөөнөттөрү жана тартиби.
16.Айыл окмогу конкурска катышууну каалаган жактарга маалыматтык пакетти
берүүгө милдеттүү,
17. Жарыя конкурстун мөөнөтү, жери. анын ичинде конкурска катышууга арыздарды кабыл алууну токтотуунун мөөнөттөрү, кепилдик салымдын суммасы которула турган банкттын реквизиттери (эгерде каралса), толук маалымат алуу үчүн айыл өкмөтүнүн байланыш телефондору жөнүндө маалыматты камтууга тийиш. Жарыя конкурсту өткөрүүгө чейин 14 күндөн кечиктирбей жарыяланат.
VII. Конкурсту өткөрүүнүн тартиби
18.Конкурска катышууга укугун алуу үчүн талапкер төмөнкүлөрдү берет:
а) конкурска катышуу ниети жөнүндө жазуу жүзүндөгү арыз;
б) жеке жак-талапкердин өздүгүн тастыктаган документ;
в) юридикалык жак-талапкердин укук жөндөмдүүлүгүн тастыктоочу документ;
г) юридикалык жак-талапкердин жетекчиси экенин тастыктаган документ, болбосо жеке же юридикалык жак-талапкердин атынан чыгуу укугуна ишеним кат;
д) кепилдик салымын (эгерде каралса) төккөнүн тастыктоочу төлөм документтери.
19. Конкурска катышуу ниети жонүндө арыз конкурсту өткөрүүгө чейин акыркы жумушчу күндон кечиктирбей берилиши керек.
Конкурска катышу^ ниетин билдирген юридикалык жак кошумча мамлекеттик каттоо жөнүндр куболүктүн, уставынын. түзүү жөнүндо чечиминин көчүрмөлөрүн берет.
20. Кепилдик салым катышуучулар тарабынан айыл өкмөтүнүн белгилүү эсебине накталай эмес которуу жолу менен төгүлөт.
21. Конкурстун жеңүүчүсү менен келишим түзгөн учурда кепилдик салымынын суммасы кайтарылууга тийиш.
Кепилдик салым 5 жумушчу күндүн ичинде кайтарылууга тийиш:
а) конкурста жеңе албаган катышуучуларга;
б) эгерде конкурс өткөрүлбөй калса;
в) конкурсту өткөрүүгө чейин 3 күн калганда катышуудан баш тартса.
Калган учурларда кепилдик салымы конкурсту өткөрүү боюнча чыгымдардын ордун толтуруу максатында айыл өкмөтүнүн башкаруусунда калат.
22. Арыз берүүчүгө төмөнкү учурларда документтерди кабыл алуудан баш тартылат:
а) арыз конкурсту өткөрүү жөнүндө жарыяда белгиленген арызды кабыл алуу мөөнөтү аяктагандан кийин берилсе;
б) арыз берүүчүнүн атынан аракеттенүүгө ыйгарым укуктары жок адам тарабынан берилсе:
в) маалыматтык пакет жана ушул Жобо менен каралган керектүү документтер берилбесе же берилген документтер гиешелүү түрдө таризделбесе.
23. Катышуучу укуктуу;
а) жеке өзү же өзүнүн өкүлдөрү аркылуу конкурска катышууга;
б) конкурстун предмети жонүндө толук маалымат алууга;
в) конкурска Катышуудан баш тартууга. бирок конкурсту өткөрүүгө чейин уч күндөн кечиктирбей чечими тууралуу конкурстун уюштуруучусуна кабарлоо, ушуну менен бирге белгиленген мөөнөттүн ичинде кепилдик салымын алуу, көрсөтүлгөн мөөнөттү бузган учурда кепилдик салымы кайтарылбайт;
г) комиссиянын протоколдорү менен таанышууга жана протоколдон көчүрмө бөлүк алууга
д) конкурстун катышуучусу катары укуктары бузулган учурда сотко кайрылууга.
19). Бир гана катышуучу катышкан конкурс ишке ашпай калды деп таанылат жана айыл өкмөтү конкурс өткөрүү жөнүндө жарыяны экинчи ирет жарыялайт.
24. Айыл өкмөтү конкурсту өткөрүүгө чейин он күндөн кечиктирбей конкурстан баш тартууга укуктуу, конкурстан баш тартуунун себептери көрсөтүлгөн протокол түзүлөт. Конкурстан баш тарткан учурда айыл өкмөтү конкурсту өткөрүүдөн баш тартуунун себептерин көрсөтүү менен чечими тууралуу жазуу формасында катышуучуларга кабарлайт.
25. Катышуучу тарабынан ак ниет эмес атаандаштык аныкталган учурда акыркысы мындан ары конкурска катышуу укугунан ажыратылат, муну менен бирге кепилдик салымы ага кайтарылбайт.
VIII. Конкурсту өткөрүүнүн тартиби.
26. Конкурсту жарыядоого чейин конкурстун шарттары белгиленет.
27. Жарыяда жана маалыматтык пакетте көрсөтүлгөн конкурстун шарттарына ылайык келген конкурстук сунуш конкурстун катышуучуларына бекитилген конверттин
ичинде арыз менен бирге тапшырылат.
28. Вир катышуучудан бир гана конкурстук сунуш сунушталышы мүмкүн.
Конкурстук сунуштар менен конверттер инвестициялык жана комиссия тарабынан белгиленген (технико-экономикалык көрөсткүчтөр, түшүндүрмө каты) конкурстун шарттарына ылайык келген башка сунуштарды камтышы керек.
29. Конкурстук сунуштарды ачуу конкурсту түздөн түз өткөргөн учурда жана конкурстун катышуучуларынын же алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн катышуусу менен конкурстук комиссиясы тарабынан жүзөгө ашырылат.
Комиссия келип түшкон сунуштарды ирээти менен ачат, конкурстун катышуучусунун номерин, анын фа.милиясын. атын жана атасынын атын же аталышын, конкурстун катышуучусу тарабынан сунушталган конкурсттук шарттарды окуйт, конкурстук сунуштарды ачуунун натыйжаларын протокол го жазат жана келип түшкөн конкурстук сунуштарды баалоого киришет.
30. Конкурстук сунуштарды баалоо конкурстук сунуштарды ачкан күнү конкурстук документацияда белгиленген критерийлер боюнча жүзөгө ашырылат. Айыл аймагынын кызыкчылыктарынын негизинде, конкурстун шарттары менен каралган учурларда, конкурстун приоритеттүү шарттары болуп сунушталган эн жакшы шарттар
жана/же инвестициялык сунуштар саналат;
Эрежеден тышкары учурларда, конкурстук сунуштарды баалоо үчүн кошумча убакыт керек болгондо, конкурсту өткөрүүнүн мөөнөттөрү комиссия тарабынан кийинки комиссиянын отурумуна чейин узартылышы мүмкүн, бул тууралуу комиссиянын отурумуна катышкан комиссиянын мүчөлөрү жана конкурстун катышуучулары тарабынан кол коюулуучу конкурстук сунуштарды ачуу жыйынтыктары жөнүндө протоколго тиешелүү жазуу жүргүзулөт.
Берилген билдирүүлөрдү баалоонун жүрүшүндө комиссия конкурстун катышуучуларына өздөрүнүн конкурстук сунуштарын түшүндүрүү үчүн кайрылууга укуктуу. Конкурстук шарттардын манызын өзгөртүүгө жол берилбейт.
Конкурстук документацияда белгиленген талаптарга ылайык келбеген конкурстук сунушту комиссия чегкс кагат.
31. Конкурстук сунуштарды баалоонун жыйынтыгы боюнча эн мыкты шарттарды сунуштаган конкурстун жеңүүчүсү аныкталат, комиссиянын катчысы тарабынан конкурсту өткөрүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протокол түзүлөт, протоколго катчы, комиссиянын отурумуна катышкан комиссиянын мүчөлөрү жана конкурстун жеңүүчүсү кол коюшат.
32. Комиссиянын мүчөлөрүнүн ортосунда конкурсту өткөрүүгө байланыштуу пайда болюн талаш-тартыштар ачык добуш берүү менен чечилет, ал эми бирдей сандагы добуш чогулса, төрагалык кылуучунун добушу чечүүчү болуп саналат.
33. Конкурсту өткөрүүдө:
а) Комиссиянын чечими боюнча эн мыкты шарттарды сунуш кылган жак жеңүүчү деп таанылат:
б) конверттерди ачып. сунуштарды окуган учурда конкурстун бардык катышуучулары же тиешелүү түрдө таризделген ишеним каттары бар өкүлдөрү катышууга уруксат берилет.
IX. Конкурстун документтерин тариздөөнүн тартиби
34. Эң мыкты шарттарды сунуштаган конкурстун катышуучусу жеңүүчү болуп жарыяланат.
Эн мыкты шарттарды комиссия маалыматтык пакетте көрсөтүлгөн квалификациялык талаптарга ылайык аныктайт. Жеңүүчүлөрдү аныктоо эки этапта өткөрүлөт.
Биринчи этапта квалификациялык талаптарга ылайык келген жана зарыл болгон докуменпердин толук тизмесин берген катышуучулар тандалат.
Экинчи этапта конкурстук комиссиянын ар бир мүчөсү 10 балдык шкала боюнча буга чейин белгиленген ар кандай көрсөткүчтөр боюнча (мисалы: квалификация, иш тажрыйбасы. техникалык жабдуунун болушу жана башкалар) ар бир катышуучуну баалап чыгат. Андан кийин ар бир кандидат боюнча комиссиянын бардык мүчөлөрүнүн балдарын эсептөө жүргүзүлөт. Балдардын эн коп санына ээ болгон талапкер жеңүүчү болуп саналат.
35. Конкурс өткөрүлгөн күнү конкурсту өткөрүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколго комиссиянын отурумдарына катышкан комиссиянын мүчөлөрү жана конкурстун женуучүсү кол коюшат.
36. Протоколдо төмөнкү маалыматтар каралат:
а) конкурстун предмети:
б) конкурстун женүүчүсүнүн аты-жөнү же аталышы;
г) келишимге кол коюу боюнча тараптардын милдезтери;
д) ыйгарым укуктуу органдын алыш-бериш эсебинин номери жана башка реквизиттери.
Конкурстун жыйынтыгы жөнүндө протоколдун көчүрмөсү же протоколдон кечүрмө бөлүк конкурстун жеңүүчүсүнө берилет. Комиссиянын бардык катышуучулары менен протоколго кол коюлгандан кийин 1 жумушчу күндүн ичинде айыл өкмөтүнүн башчысына жөнөтүлөт. Айыл өкмөтүнүн башчысы 5 жумушчу күндүн ичинде конкурстун жеңүүчүсү менен келишим түзөт. Эгерде конкурс ушул Жобону же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу менен өткөрүлгөнү аныкталса, айыл өкмөтүнүн башчысы келишимге кол коюудан баш тартууга укуктуу.
37. Конкурсту жеңген жак. протоколго кол коюудан баш тарткан учурда жана айыл өкмөт башчысы менен келишимге кол коюдан баш тарткан учурда төккөн кепилдик салымын жоготот. конкурстун жеңүүчүсү жана кайрадан уюштурулган конкурска катышуу укугунан ажыратылат.
Конкурсту жеңген жак, протоколго кол коюудан баш тарткан учурда жана айыл өкмөт башчысы менен келишимге кол коюдан баш тарткан учурда комиссия кайра уюштурулуучу конкурсту өткөрүү жөнүндө чечимин кабыл алууга же кийинки мыкты шарттарды сунуштаган башка катышуучуну конкурстун жеңүүчүсү деп таанууга укуктуу.
Эгерде жеңүүчү деп таанылган конкурстун кийинки катышуучусу протоколго кол коюудан баш тарткан учурда, ал дагы төккөн кепилдик салымын жоготот, конкурстун женүүчүсү жана кайрадан уюштурулган конкурска катышуу укугунан ажыратылат. Мындай учурларда кайра уюштурулуучу конкурс жарыяланат.