Загрузка документа…
КӨК-АРТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 18-апрели №3
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесине ылайык, Маматов Кымбаттын жайыт боюнча Каман айылындагы жайыт жери туура эмес берилгенине байланыштуу сунушун угуп жана талкуулап, Көк-Арт айылдык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Арт айыл аймагынын Жайыт комитети тарабынан берилген 20 га. жер аянты жайыттын эсебине өткөрүлсүн.
2. 20 га жер аянты жайыт комитети жана айыл өкмөттүн башчысынын орун басары тарабынан такталып, айыл өкмөттүн апарат чогулушуна жана сессияга маалымат берилсин.
3. Аталган токтомду Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актлары жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин www.gamsumo.gov.kg веб сайтына жарыялансын.
4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү жагы Көк-Арт айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Тѳрага | А.Сатаров |