Загрузка документа…
КӨК-АРТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 18-апрели №4
Жайыт комитетинин төрагасы А.Энназаровдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесинин 4-пунктунун 5-бөлүгүнө негиз Көк-Арт айылдык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2018-жылга жайыттарды башкаруу жана пайдалануунун жылдык планы бекитилсин.
2. 2017-жылдан өндүрүлбөй калган 45000 сом акча каражаты 2018-жылдын бюджетине кириштелип, жайыт комитетинин 2018-жылга жылдык бюджети 44300 сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. Жайыт акы үчүн ар бир баш кой, эчкиге 20 сомдон төлөнсүн. Бодо малга : анын ичинен саан уйга 110 сом, субай малга 100 сомдон, жылкыга 100 сомдон төлөнсүн.
4. Жаздоого 1-майдан калбай, жайлоолорго 25-майдан кеч эмес көчүрүлсүн. Күздөөгө 15-сентябрдан эрте көчүп келбесин. Бул эрежелер жайыт пайдалануучулар менен түзүлгөн келишимде көрсөтүлсүн.
5. Ар бир жайыт пайдалануучулар менен келишим түзүлсүн жана комиссия менен бирдикте сынак жүргүзүлсүн, мал жандыгын санатпаган жайыт пайдалануучуларга мыйзам чегинде чара көрүлсүн.
6. Көк-Арт айыл аймагындагы элдин малын багуу үчүн малчылардын акысы бир баш кой, эчкиге 80 (сексен) сом, бодо мал үчүн айыл тургундарына 450 (төрт жүз элүү) сом, башка айыл аймактын тургундарына малы 500 (беш жүз) сом белгиленсин.
7. Аталган токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин www.gamsumo.gov.kg веб сайтына жарыялансын.
8. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү жагы Көк-Арт айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
9. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Тѳрага | А.Сатаров |