Редакцияот 12.06.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨК-АРТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Көк-Арт айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги II сессиясы

 

2018-жылдын 12-июну №2

Көк-Арт айылдык кеңешинин регламентин толуктап, өзгөртүп бекитүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесине ылайык, Көк-Арт айылдык кеңешинин регламентин иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун сунушун угуп жана талкуулап Көк-Арт айылдык кеңеши,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.  Көк-Арт айылдык кеңешинин толукталып өзгөртүлгөн регламенти бекитилсин (Регламент тиркелет).

2.  Аталган токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамына ылайык  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин www.gamsumo.gov.kg веб сайтына жарыялансын.

3.  Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү жагы Көк-Арт айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

4.  Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

 

Тѳрага

Н.Жолдошов