Загрузка документа…
КӨК-АРТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 14-августу №1
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесине ылайык, Көк-Арт айылдык кеңешинин регламентин угуп жана талкуулап Көк-Арт айылдык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Арт айылдык кеңешинин регламентин, 14.08.2018-жылдагы V -сессиясынын токтомунун негизинде өзгөрүүлөр жана толуктоолор менен бекитилсин.(Регламент тиркелет)
2. Аталган токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын” ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин www.gamsumo.gov.kg веб сайтына жарыялансын.
3. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Көк-Арт айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Көк-Арт айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары А.Батыровко милдеттендирилсин.
Тѳрага | Н.Жолдошов |