Загрузка документа…
ДӨҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 31-октябры №77
Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн 2018-жылга бекитилген бюджетинин айыл чарба бөлүмүнүн 3111 беренесине айыл өкмөтүнүн иштелбей калган каражаттарынан төмөндөгү жумуштарга каржылоо максатында Бахмал айылындагы И.Жусупов көчөсүнө асфальт төшөөгө кошумча жумуш жаралгандыктан ага 198,6 миң сом акча каражаты. Бахмал-1 жана Уч-Алыш айылындарына көчө жарыктарын орнотуу зарыл болгондуктан башкача айтканда кышкы мезгилде эрте кеч кирип мектеп балдары жолдо жүрүү коркунучу жаралгандыктан ага керектүү тетиктерин алып берүү үчүн 149,8 сом. Чымбай айылындагы бала бакчаны курууда кошумча жумуштар жаралып аны төлөп берүү үчүн 335,0 миң сом, Ош технологиялык университетинин, Өзгөндөгү академик Б.Мурзубраимов атындагы билим берүү жана технология колледжине студенттер кирүүчү жолго брусчатка төшөө үчүн аларга акча каражатын берүү максатында, Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 11-июнундагы №78 мыйзамынын “Чыгымдардан ашкан кирешелерди пайдалануу боюнча мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарынын” 17-беренесине ылайык Дөң-Булак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы Бахмал айылындагы И.Жусупов көчөсүнө асфальт төшөөүчүн айыл чарба бөлүмүнүн 3111 беренесине 198,6 (бир жүз токсон сегиз миң алты жүз) сом акча каражаты жумшалбай калган акча каражатынан каралып, аткарууга алынсын.
2. Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы Бахмал-1 жана Уч-Алыш айылындарына көчө жарыктарын орнотуу зарыл болгондуктан башкача айтканда кышкы мезгилде эрте кеч кирип мектеп балдары жолдо жүрүү коркунучу жаралгандыктан ага керектүү тетиктерин алып берүү үчүн айыл чарба бөлүмүнүн 3111 беренесине 149,8 (бир жүз кырк тогуз миң сегиз жуз) сом акча каражаты жумшалбай калган акча каражатынан каралып, аткарууга алынсын.
3. Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы, Чымбай айылындагы бала бакчаны курууда кошумча жумуштар жаралып аны төлөп берүү үчүн айыл чарба бөлүмүнүн 3111 беренесинен 335,0 (үч жүз отуз беш миң) сом, акча каражаты жумшалбай калган акча каражатынан каралып, аткарууга алынсын.
4. Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы, Ош технологиялык университетинин, Өзгөндөгү академик Б.Мурзубраимов атындагы билим берүү жана технология колледжине студенттер кирүүчү жолго брусчатка төшөө үчүн айыл чарба бөлүмүнүн 3111 беренесинен 120,1 (бир жүз жыйырма миң жүз) сом, акча каражаты жумшалбай калган акча каражатынан каралып, аткарууга алынсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин бюджет, финансы жана салык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага | П.А.Эсеналиев |
|
|