Загрузка документа…
ДӨҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 13-декабры №81
Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Өзгөрүш айылынын тургундарынын учурдагы муктаждык талабы боюнча арыздарын карап жана 2018-жылдын 3-декабрындагы жалпы элдик жыйындын №1 протоколдук токтому менен таанышып, айыл башчынын жана айылдык кеңештин депутаттарынын маалыматтарын угуп жана талкуулап чыгып, Дөң-Булак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөрүш айылынын көптөгөн үй-бүлөөлөрдүн муктаждыктарын чечүү максатында балдар бакчасын уюштуруу боюнча жалпы элдик чогулуштун токтому бекитилсин. Өзгөрүш айылында 60 орундуу (2 тайпага ылайык) балдар бакчасы ачылсын.
2. Балдар бакчасынын тамак ашына калькуляцияга ылайык ар бир айга ата-энесинин эсебинен 500-700 сомдон акча каражаты төлөнсүн.
3. “Холисхон апа” балдар бакчасынын жетекчиси болуп Жалилова Гулмира Умаровна бекитилсин.
4. Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Султановго балдар бакчасынын ремонтун, электр энергиясы, көмүр менен каржылоо жагы милдеттендирилсин.
5. Суралсын райондук билим берүү бөлүмүнө, сан.эпидстанция, өрт коопсуздугу, жаратылышты коргоо бөлүмдөрүнөн талапка ылайык бүтүмдөрдү чыгарып берүү жагы.
6. Балдар бакчасынын стабилдүү иштеп кетиши үчүн эмгек акысын мамлекеттик бюджеттин эсебине киргизип берүү жагы райондук каржы бөлүмүнөн суралсын.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага | П.А.Эсеналиев |