Загрузка документа…
ДӨҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 22-декабры №83
Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн “Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун негиздери жөнүндө” Мыйзамына ылайык, Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы Чымбай айылынын тургуну Ибраимова Бурмачач 1966-жылы туулган, Өзгөн райондук ооруканасынын төрөт бөлүмүндөгү ымыркайларды кароо бөлүмүндө көп жыл эмгектенген. Учурда 1-топтогу майып, эки бөйрөгү иштен чыгып, жумасына үч жолудан гемодиализден дарыланат. Дарыланганга каражаты жетпей жаткандыктан жардам сурап жазган арызын канааттандыруу максатында Дөң-Булак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы Чымбай айылынын тургуну Ибраимова Бурмачачка айыл өкмөтүнүн социалдык бөлүмүнүн элге жеңилдик эсебинен 10,0 (он миң) сом акча каражатын бөлүп берүү жагы сунушталсын.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин бюджет, финансы жана салык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага | П.А.Эсеналиев |