Загрузка документа…
ДӨҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 22-декабры №83
Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-майындагы №59 “Бюджеттик Кодексине” ылайык, Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн 2019-жылдагы бюджетин бекитүү боюнча 2020-2021-жылдарга проектисин кароо жөнүндө маселени айылдык кеңешинин бюджет, финансы жана салык маселелер боюнча туруктуу комиссиясында алдын- ала каралып, алардын сунуштарынын негизинде Дөң-Булак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2019-жылга айыл өкмөтүнүн бюджети кирешелери жана чыгашалары 19 934,0 миң сом өлчөмүндө бекитилсин. Анын ичинен жергиликтүү бюджеттин көлөмү 12815,2 миң сом, атайын каражат көлөмү 1728,0 миң сом, теңдөөчү гранттын көлөмү 5390,8 миң сом.
2. Айыл өкмөтүнүн 2020-2021-жылдарга жактырылган болжолдуу көрсөткүчтөрүнө ылайык бекитилсин жана ар бир так мезгилде аларды кабыл алууда такталууга жатаары белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктарынын негизги принциптери жөнүндө Мыйзамынын 21-беренесине ылайык айыл өкмөтүнүн резервдик фонду 199,0 мин сом өлчөмүндө бекитилсин .
4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына 2019-2020-2021-жылдарга жергиликтүү бюджеттердин чыгашаларынын каржылоо биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер (эмгек акы.социалдык фондко чегерүү. Тамак-аш, дары-дармек жана милдеттүү медициналык камсыздандырууга чегерүү), коммуналдык кызматтар (электр энергия.комүр.суу) боюнча жүзөгө ашыруу сунушталсын.
5. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тендөөчү гранттарды биринчи кезекте корголгон беренелер жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр бюнча чыгашаларды каржылоого багытталсын.
6. Республикалык бюджеттен тендөөчү гранттардын эсебинен коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча чыгашаларды толук каржылоо үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жоопкерчилигин алышат.
7. Бюджеттик мекемелер, чарба жүргүзүү субьектилер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан максаттуу багытталышы боюнча пайдаланылбаган Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин каражаттары тиешелүү бюджеттерге өндүрүлүп алынсын.
8. Казына системасын четтеп өтүү менен атайын каражаттарды пайдаланууга тыюу салынсын. Көрсөтүлгөн тартип бузулганда атайын каражаттын 100 пайызы Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин кирешесине алынсын.
9. Айланма кассалык калдык (оборотный кассовый наличность) айыл өкмөтүнүн бюджети боюнча жүргүзүлгөн накталай акча каражаты 2019-жылдын 1-январына карата 100,0 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
10. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин бюджет, финансы жана салык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага | П.А.Эсеналиев |