Редакцияот 26.12.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НООКАТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Ноокат шаардык кеңешинин V чакырылышынын ХVIII сессиясынын отуруму

 

2018-жылдын 26-декабры № ХVIII-3

Ноокат шаар мэриясына караган түзүмдөргө техника сатып алуу жөнүндө

 

“Ноокат Коммунальщик” ишканасына суюктук таштанды ташуучу унаа техника (говновоз) сатып алуу жөнүндө Ноокат шаардык мэриясынын сунушунун негизинде Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген сунушунун карап чыгып, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2,3-бөлүктөрүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ноокат шаар мэриясына караган “Ноокат Коммунальщик” ишканасына суюктук таштанды ташуучу унаа техника (говновоз) сатып алуу үчүн Ноокат шаар мэриясынын 2019-жылдын бюджетинин 706 бөлүмүнүн 3112-беренесинин эсебинен 3 500 000 (үч жарым миллион) сом ажыратылып берилсин.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Тѳрага

А. Гафаров