НООКАТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ноокат шаардык кеңешинин V чакырылышынын ХVIII сессиясынын отуруму
2018-жылдын 26-декабры № ХVIII-4
Ноокат шаарына караштуу Ж.Абдулакимов, Ош жана Барын, А.Бадалов атындагы көчөлөрүнүн кесилишине жаңы светофор орнотуу үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө
Ноокат шаарына караштуу Ж.Абдулакимов, Ош жана Барын, А.Бадалов атындагы көчөлөрүнүн кесилишине жаңы светофор орнотуу үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык мэриясынын сунушунун негизинде Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасын карап чыгып, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаарына караштуу Ж.Абдулакимов, Ош жана Барын, А.Бадалов атындагы көчөлөрүнүн кесилишине эки даана жаңы светофор орнотуу үчүн Ноокат шаар мэриясынын 2019-жылдын бюджетинин 706 бөлүмүнүн 3112-беренесинин эсебинен 800 000 (сегиз жүз миң) сом ажыратылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага | А. Гафаров |