Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 26-декабры № ХVIII-7
Ноокат шаар аймагындагы мектеп жана балдар бакчаларында эмгектенип жаткан педагогикалык кызматкерлерге коммуналдык жардам көрсөтүү максатындагы маселени угуп жана талкуулап, Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген сунушунун негизинде “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2,3 бөлүктөрүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаар аймагындагы мектептердин жана балдар бакчаларында эмгектенип жаткан ар бир педагогикалык кызматкерге 2019-жылдын 1-январынан баштап, 2019-жылдын 31-декабрына чейин иштеген айына карап ар ай сайын 500 сомдон жалпысы болуп 1 135,0 миң сом акча каражаты Ноокат шаар мэриясынын 2019-жылдын бюджетинин 709-бөлүмдүн 2721-беренесинин эсебинен ажыратылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзмөлдөө жагы Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага | А. Гафаров |