Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 26-декабры № ХVIII-8
Ноокат шаарынын аймагындагы “Мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде” тарбияланып жаткан балдардын санын, ар бир бала үчүн ата-энелер тарабынан мүчөлүк акы төлөмдөрүн бекитүү жана балдарга төлөнүүчү төлөм жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаарынын аймагындагы “Мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде” тарбияланып жаткан балдардын саны төмөндөгүчө:
- “Балапан” атындагы “Мектепке чейинки билим берүү мекемесинде” - 180 бала;
- “У.Салиева” атындагы “Мектепке чейинки билим берүү мекемесинде” - 250 бала;
-“Растищка” ”атындагы “Мектепке чейинки билим берүү мекемесинде” - 60 бала;
- “Курманжан-Датка” атындагы “Мектепке чейинки билим берүү мекемесинде” - 280 бала;
- “Раяна-Нуру “ атындагы “Мектепке чейинки билим берүү мекемесинде” - 120 бала бекитилсин.
2. Ноокат шаарынын аймагындагы мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде тарбияланып жаткан ар бир бала үчүн ата-энелер тарабынан мүчөлүк акы төлөмдөрү ар бир айга 500 (беш жүз) сомдон төлөнөөрү бекитилсин.
3. Ноокат шаарынын аймагындагы “Мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде” тарбияланып жаткан балдарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 9-февралындагы №37 токтомунун негизинде Ноокат шаардык мэриясынын жергиликтүү бюджетинин эсебинен ар бир балага 18 (он сегиз) сомдон тамак ашына төлөнүп берилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага | А. Гафаров |