Загрузка документа…
НАЙМАН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 19-декабры № ХIV-4
Найман айыл өкмөтүнүн башчысынын жана айылдык маданият үйүнүн жетекчисинин билдирүүсүн угуп,талкуулап, Найман айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Найман айыл өкмөтүнүн Найман айылындагы айылдык маданият үйүнүн имаратын капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн мамлекеттик үлүштүк дем берүүчү гранттан бөлүнгөн акча каражатына ремонт жасоо иштери алып барылсын.
2. Айылдык маданият үйүнүн имаратын капиталдык ремонттон өткөрүү боюнча мамлекеттик үлүштүк гранттан бөлүнгөн акча каражатына өздүк салым катары айыл өкмөтүнүн бюджетнен 110 000 (бир жүз он миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Акча каражатын бөлүп берүү жагы Найман айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы А.Балтабаевге милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Найман айылдык кенешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Ш.Сапаровага тапшырылсын.
Тѳрага | Ш.Эрматов |