Загрузка документа…
ӨМҮРАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 22-августу №85
Өмүралиев айыл аймагындагы Чатбазар жана Манас айылдарынын башкы планын бекитүү максатында Өмүралиев айылдык кеңешинин VII чакырылышынын он жетинчи кезексиз кеңешмеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өмүралиев айыл аймагындагы Чатбазар жана Манас айылдарынын башкы планы бекитилсин.
2. Бекитилген башкы план менен иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Айталиевке жана жер,турак жай коммуналдык маселелер жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адиси А.Эшалиевке милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы өзүмө калтырылсын.
Тѳрага | У.Алмолдоев |