Загрузка документа…
СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 21-декабры №83
Сүлүктү шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик бөлүмүнүн башчысы С.Калакуловдун аткарган иштери жөнүндө отчетторун угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөү» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 5-6-пунктуна ылайык Сүлүктү шаардык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сүлүктү шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик бөлүмүнүн башчысы С.Калакуловдун аткарган иштери жөнүндө отчету кабыл алынсын
2. Сүлүктү шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик бөлүмүнүн башчысы С.Калакуловго милдеттендирилсин
- Ижарага берилген жерлердин ижара акыларынын келишимдин негизинде өз мөөнөтүндө төлөнүшүн камсыз кылуу
- Сүлүктү шаарынын аймагындагы жерлерди инвентаризациялоо иштерин 2019-жыл ичинде аяктоо
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардын мэри Р.Абдыназаровго жана шаардык кеӊештин муниципалдык менчик, курулуш жана архитектура боюнча туруктуу комиссияларына жүктөлсүн
Тѳрага | К.Исмаилов |
|
|