Загрузка документа…
ЖАҢЫ-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 20-июлу №14/2
Күн тартибиндеги Жаңы-Жол айыл ѳкмѳтүнүн 2018-жылдын бюджетине Республикалык бюджеттен Жаӊы-Жол айыл өкмөтүнүн конторасын капиталдык ремонту үчүн келип түшкѳн 1 000 000 (бир миллион) сом акча каражатын бекитүү жѳнүндѳ Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Үркүнбай уулу Нуралынын жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап Жаңы-Жол айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги XIV –сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджетке кошумча 1 000 000 (бир миллион) сом акча каражатын бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусунун негизинде Жаӊы-Жол өкмөтүнүн конторасынын капиталдык ремонту үчүн жумшалсын.
2. Жогорудагы акча каражатын мыйзамдуу жана максаттуу чыгымдоо жагы ФЭБ башчысы Үркүнбай уулу Нуралыга милдеттендирилсин.
3. Аталган токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына жүктөлсүн.
4. Аталган токтом Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн jany-jol.jalal-abad.kg веб сайтына расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Тѳрага | Р.Дооранов |
|
|