Загрузка документа…
ЖАҢЫ-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 20-июлу №14/3
Күн тартибиндеги Жаӊы-Жол айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Ж.Осмонованын билдирүүсүн,айыл өкмөтүнүн каржы бөлүмүнүн башчысы Үркүнбай уулу Нуралынын акча каражатын бѳлүү жѳнүндѳ билдүүрүсүн жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап Жаны-Жол айылдык Кеӊешинин VII-чакырылышынын кезектеги XIV-сессиясы.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2018-жылы Жаӊы-Жол айыл ѳкмѳтүнүн жергиликтүү бюджетине келип түшкөн 159 720 (бир жүз элүү тогуз миң жети жүз жыйырма)сом акча каражаты Таштак айылына жарыктандыруу үчүн бөлүнүп берилсин.
2. Жогорудагы акча каражатын мыйзамдаштыруу жана максаттуу пайдалануу жагы каржы бѳлүмүнѳ милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлго алуу жагы айылдык Кеӊешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын тѳрагасына жүктѳлсүн.
4. Токтом Jany-jol.jalal-abad.kg сайтына жарыяланган күндѳн тартып күчүнѳ кирет.
Тѳрага | Р.Дооранов |
|
|