ЖАҢЫ-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Жол айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги ХIV сессиясы
2018-жылдын 20-июлу №14/4
2018-жылга Жаңы-Жол айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин инвестициялык пландарын кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” мыйзамына негиз Жаңы-Жол айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин тѳрагасы К.Райымбековдун маалыматын жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап Жаңы-Жол айылдык Кеңешинин V11-чакырылышынын кезектеги ХIV-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Жол айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы К.Райымбековдун 2018-жылга инвестициялык планы бекитилсин.
2. 2018-жылга Жаңы-Жол айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин инвестициялык планы (№1) тиркеме.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы А.Карашовго жүктөлсүн.
4. Аталган токтом Жаӊы-Жол айыл ѳкмѳтүнүн jany-jol.jalal-abad.kg веб сайтына расмий жарыяланган күндѳн тартып күчүнѳ кирет.
Тѳрага | Р.Дооранов |
|
|