Загрузка документа…
ЖАҢЫ-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 26-октябры №15/2
Күн тартибиндеги “Жаны-Жол айыл аймагына караштуу мектептерди көмүр менен камсыздоо жана сапар чыгымдар учүн 2018-жылдын бюджетинен кошумча каражат бөлүү жөнүндө”,ФЭБ башчы Үркүнбай уулу Нуралынын жана бюджет боюнча туруктуу комиссиянын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Жаны-Жол айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз XV-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаны-Жол айыл аймагына караштуу мектептерди көмүр менен камсыздоо жана сапар чыгымдар учүн, айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын бюджетинин эсебинен 300,1 (үч жүз миң бир жүз) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Раздел 70629-3111 статьясынан 280.1 (эки жүз сексен миң бир жүз) сом Раздел 70621-2224 статьясына жана 20,0 (жыйырма миң) сом Раздел 70111-2211 статьясына акча каражаты жылдырылсын.
3. Жогорудагы акча каражатын мыйзамдуу жана максаттуу чыгымдоо жагы ФЭБ башчысы Үркүнбай уулу Нуралыга милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына жүктөлсүн.
5. Аталган токтом Жаӊы-Жол айыл ѳкмѳтүнүн jany-jol.jalal-abad.kg веб сайтына жарыяланган күндѳн тартып күчүнѳ кирет.
Тѳрага | Н.Калпаков |
|
|